Haber

«Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу» аттуу теология факультеттеринин ортосундагы илимий студенттик конференция

2017-жыл Ош Мамлекеттик Университетинин «Адамдык мамилелерди өнүктүрүү» жылына карата бүгүн 24-ноябрьда ОшМУнун теология факультетинде теология илимдеринин доктору Арипов Ниязали агайдын демилгеси менен «Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу» аттуу темада «Манас» КТУнун, И.Арабаев ат. КМУнун, Арашан гуманитардык институтунун жана ОшМУнун теология факультеттеринин ортосундагы илимий студенттик конференция болуп өттү. Конференцияны ОшМУнун теология факультетинин деканы С. Мырзаибраимов ачып берди, ОшМУнун биринчи проректору Расул Абазбек уулу андан соң факультеттин деканынын орун басары Ферхат Гөкче куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, ийгилик каалап кетишти. Конференция эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө төрт факультеттин студенттери өз докладдарын сунушту. Доклад окуу бөлүмүнүн жыйынтыгында доклад окуган студенттерге сертификат жана китептер белекке берилди. Ошондой эле, экинчи бөлүктө тегерек стол уюштурулуп « Кыргызстанда диний абал жана теологдордун орду» деген теманын алкагында талкуу болду. Тегерек стол Ниязали Арипов агайдын жетекчилигинде болуп, студенттердин арасында ар кандай сунуш-пикирлер жана суроо-жооптор айтылып кызыктуу жана жогорку деңгээлде болуп өттү.

3906 23:04 24-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|