Haber

Медицина факультетинин Окумуштуулар Кеңешинин №10 отуруму болуп өттү

Бүгүнкү Окумуштуулар кенешинде 2 маселе каралды: 1. 2017-2018- окуу жылындагы медицина факультетиндеги бүтүрүүчүлөр боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын отчету. 2. Ар түрдүү маселелер. 1. “560004-стоматология " адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси. 2. “560002 –педиатрия" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси. 3. “560005 –фармация" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси. 4. “560001 – Дарылоо иши" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси жана өткөрүлгөн графиги. Төрагалар жана төрайым баяндамасын айтышты. Абдурахманов Шаятбек Туланбаевич - Ош шаардык клиникалык оору канасынын башкы дарыгери доцент, төрага; Ешиев Абдырахман Молдалиевич - Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет жаак бөлүмүнүн башчысы, профессор, төрага; Боронбаева Элнура Көчкөновна – Ош областар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, төрайым; Абдиев Мавлянбек Калмурзаевич –КР саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы дары жана медтехника менен камсыздоо департаментинин түштүк филиалынын башчысы, төрага; Бердиев Сталбек Кабылович- Карантиндин жана өтө коркунучтуу оорулар боюнча Ош областтык борборунун жетекчиси, төрага;
3382 13:58 03-07-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|