Haber

Ош жергесинде "Ортодонтия" боюнча семинар

09-10-11-июнь күндөрү Италиянын «LEONE» стоматологиялык материалдар жана жабдыктар менен иш алып баруучу фирмасы жана ОшМУнун медицина факультетиинин “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасы менен биргеликте стоматология адистигинин бүтүрүүчүлөрү, ординаторлор жана практикалык врачтар үчүн “ Тиштердин биомеханикалык жылдырылуусу ( цефалометириялык точкалар, окклюзия, Эндрюстун ачкычтары) ” -деген темада Ош шаарында “Ош нуру” отелинде семинар уюштурулду.

Семинар аталган фирманын демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Ачуу аземинде фирманын өкүлү Э.А. Акматбеков бул иш чараны уюштуруунун негизги максаты түштүк жергесиндеги калкка стоматологиялык жардам берүүнүн сапатын көтөрүү экендигин баса белгиледи.

Медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов- “Ортодонтия –стоматология тармагындагы жаңыдан өнүгүп келе жаткан перспективдүү багыт, ортодонтия илимине астейдил көңүл бурулушу керек. Мамлекетибиздин калкынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү ортодонтиялык жардамга муктаж болгондугуна байланыштуу мындай семинарларды системалык түрдө өткөрүп, дарыгерлерибиздин квалификациясын жогорулатып туруу мезгил талабы”-деп сунуштады.

Чуваш Республикасынын “Врачтардын билимин өркүндөтүү” институтунун доценти Белусов Юрий Николаевич өзүнүн бай иш –тажрыйбасына негизделген баяндама, мастер класс аркылуу семинарды эң жогорку деңгээлде өткөрүп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, чоң кызыгууну жаратты.

Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

2982 16:40 12-06-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|