Haber

Студенттерге “Ошэлектр” ААКнын окуу борборунун жетекчиси, т.и.к., доцент А.С. Кадыров лекция окуду

Студенттерге “Ошэлектр” ААКнын окуу борборунун жетекчиси,

т.и.к., доцент А.С. Кадыров лекция окуду

Энергетика кафедрасында 2017-жылдын 20-январында сырткы стейкхольдерлер менен тегерек стол өткөрүлгөн. Анда окуу жай менен өндүрүштүн байланыштарын өркүндөтүү үчүн бардык шарттар бар экендиги айтылга. “Электроэнергетика жана электротехника” бакалавр багыты жана “Электр менен камсыздоо” орто кесиптеги адистерди сапаттуу билим алуусун максат кылып, “Ошэлектр” ААКнын окуу борборунун жетекчиси т.и.к., доцент А. Кадыров ОшМУнун Энрегетика кафедрасына келип, студенттерге лекция өтүп берди. Бүтүрүүчү курстун ЭСб-1-14, ЭСс-1-16, ЭСс-1-9-15 тайпаларындагы студенттерине 2017-жылдын 8-декабрь күнү “Көмөк чордондорду эксплуатациялоо” (Эксплуатация подстанции) деген темада лекция өттү. Студенттерден көптөгөн суроолор берилип, кызыккан суроолорго жооп ала алышты. Студенттер мындай лекцияларды көп-көп өткөрүп турууну суранышты.

“Ошэлектр” ААКнын окуу борборунун жетекчиси т.и.к., доцент Артурбек Сайдуллаевичке студенттердин атынан жана Энергетика кафедрасынын жалпы жамаатынын терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизди ийгиликтер коштоп, ден-соолукта болуңуз! Мындан ары дагы биз менен кызматташып, кызыктуу лекцияларды өтүп бересиз деген ишеништебиз.

Айына бир жолу иш берүүчү иш каналардагы мыкты адистерди чакырып, өндүрүш менен байланыш максатында, студенттердин татыктуу билим алуусун көздөп, окуу программасына ылайык лекцияларды өтүп туруу пландалууда.

2245 17:36 08-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|