Haber

27.06.2018 күнү ОшМУда “Ош шаарында ИКТ секторун өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча диалог”- деген темада семинар-тренинг болуп өттү.

27.06.2018 күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын директору Алтынбек Исмаилов, ОсОО Zensoft.kg пректисинин аткаруучу директору Айбек Исаев, проектин башкы башкаруучусу Диана Руслан, ОшМУнун сырттан окуу жана информациялык технологиялар боюнча проректор т.и.к.,доцент, Арстанов Сабыр, Математика жана Информациялык технологиялар факультетинин деканы п.и.к.,доцент, Омаралиев Абдималик Чырмашович, Программалоо кафедрасынын башчысы ф.-м.и.д Сопуев Адахамжан, АИГ кафедрасынын башчысы, доцент Папиева Толкун Маматаевна, ИТАС кафедрасынын башчысы, ф-.м.и.к, доцент Чамашев Марат Какарович, Ц.Н.И.Т башчысы Ураимов Равшан агай жана факультеттин окутуучулар жааматы менен “Ош шаарында ИКТ секторун өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча диалог”- деген темада семинар-тренинг болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө IT технологиялар боюнча кызыктуу темалар талкууланып, ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн жана студенттерин иш менен камсыз кылуу боюнча баарлашуулар орун алды. Семинардын жыйынтыгында ОшМУ менен Жогорку технологиялар паркынын ортосунда келишим меморандумга кол коюлду.
3267 09:49 28-06-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|