Haber

12-май, 2017-жыл. “Тарых - улуу тарбиячы: тарых илиминин жана тарыхый билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөрү” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

2017-жылдын 12-майында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Тарых - улуу тарбиячы: тарых илиминин жана тарыхый билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөрү” аттуу Октябрь социалисттик революциясынын 100 жылдыгына (1917) жана окумуштуу-тарыхчы, ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кадыров Турдумамат Дыйканбаевичтин 60 жылдыгына арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү жана жемиштүү жыйыныктарды берди. Конференцияга республикабыздын аймактарындагы университеттерден, алсак, КР ИА, И.Арабаев атындагы КМУ, ЖАМУ, ТалМУ, БатМУ, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окумуштуулары катышышты.
3776 11:05 13-05-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|