Haber

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун чемпиону Марлен Абдрасуловду Бизнес жана менеджмент факультети тосуп алды

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын студенти, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Тажик күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмактагы алтын медальды багындырган, чемпион Марлен Абдрасуловду Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы э.и.д., профессор М.Б. Убайдуллаев баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер кызыл килем салып, кыргыз элинин каада-салтын сактап нан жана бал менен тосуп алды. Окуу жайдын жетекчилиги чемпиондун буга чейинки да жетишкендиктерин айтып, эң башкысы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунундагы Кыргызстандын курама командасынын капчыгына 1-алтын медаль алгандыгы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Марлан Абдрасуловдун машыктыруучусу да жолугушууга келип спортсмендин ийгиликтерин айтып, факультеттин жамаатына ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге аталган кафедранын жетекчиси Гульмира Рахматиллаевна Марлендин спорт менен эле чектелбестен окуудагы ийгиликтерин баса белгилеп айтып, ага ийгиликтерди каалады.
2457 12:28 11-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|