Haber

Бизнес жана Менеджмент факультетинде, Ош шаарынын Ички Иштер Башкармалыгынын Патрульдук Милиция бөлүмүнүн өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү

Бизнес жана Менеджмент факультетинде, Ош шаарынын Ички Иштер Башкармалыгынын Патрульдук Милиция бөлүмүнүн өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга келген конокторду атап өтсөм, Ош Шаардык Ички Иштер бөлүмү боюнча ПМ бөлүмүнүн башчысы милициянын Полковниги Закиров Айжигит Сагынбаевич, Ош шаарынын Ички Иштер бөлүмү боюнча ПМБнүн штаб бөлүмчөсүн башчысы милиция майору Джураев Разак Зулпукарович, Штаб бөлүмчөсү ага тескөөчүсү милиция майору Сыдыков Рашид. Ички Иштер Башкармалыгынын Патрульдук Милиция бөлүмүнүн өкүлдөрү "Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо жана кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо" максатында жолугушуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2596 09:27 22-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|