Haber

Конок лекция!!!

21-апрель күнү, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, магистранттары үчүн “Improving Critical thinking skills by using pictures and movies”- “Сүрөттөрдү жана фильмдерди колдонуу менен сынчыл ойлонуу чеберчиликтерди өстүрүү” деген темада анлис тилинде конок лекция окулду. Конок лекцияны Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш тилдери” кафедрасынын доценти Суранчиева Махабат Бейшеновна окуп берди. Аталган иш-чара Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасынын жана “Жаш чыгыш таануучулар” клубу тарабынан уюштурулуп, катышуучуларга жакшы таасир калтырты.

2009 09:21 24-04-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|