Haber

“Чыгыш таануунун жана африканистиканын актуалдуу маселелери” аталышындагы I Эл аралык илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

20-апрелде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасынын демилгеси менен “Чыгыш таануунун жана африканистиканын актуалдуу маселелери” деген аталышта I Эл аралык илимий – практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпы 96 илимий баяндамалары менен Окумуштуулар катышты. Конференцияга жакынкы чыгыш аймагындагы Ливан өлкөсүндөгү Сент Джозеф университетинин илимий кызматкери Аммар Юнас баштаган чет өлкөлүк Окумуштуулар келишип, учурдагы чыгыш таануу жана африканистиканын актуалдуу маселелерине токтолушуп, абдан кызыктуу талкуулар болду. Конференциянын жыйынтыгында “Чыгыш таануу жана африканистика багытынын келечеги кең, учур талабына жооп бере турган, коомчулук тарабынан суроо-талаптын бар экендигин белгилешип, жыйынтыгында 4 пунктан турган атайын резолюция кабыл алынды.

2873 16:14 23-04-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|