Haber

ОшМУ менен Чыгыш университетинин кызматташтыгы

Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Ибраев Алмаз Орозакунович баштаган делегация бүгүн 2018 жылдын 12 март күнү ОшМУда болушту. Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Расул Авазбек уулу баш болгон ректораттын өкүлдөрү жана эл аралык мамилелер факультетинин жамааты жана студенттери катышышты. Жыйынды декан Камалов Эрлан Токтоназарович алып барды. Жолугушуу аземинде эки чоң окуя жүз берди:

1. Эки окуу жайдын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду;

2. ОшМунун «Эл аралык мамилелер» кафедрасы менен Чыгыш университетинин «Эл аралык мамилелер» жана «Тилдер» кафедралары ортосундагы келишимге кол коюлду.

Буга чейин кызматташтык мамилелери кафедралардын деңгээлинде ОшМУнун «Чыгыш таануу» кафедрасы тарабынан да ишке ашырылып келгендигин белгилөөгө болот. “Аймак таануу” кафедрасы тарабынан келечекте конок лекцияларды уюштуруу маселелери да сунушталды.

Алгач сөз проректор Расул Авазбековичке берилип, ал учурда ОшМУ дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 171 окуу жай менен келишимдерге кол коюп, дүйнөлүк билим б ерүү мейкиндигине камыр-жумур аралашып, жигердүү иштерди аткарып, “Ош Декларациясынын” алкагында ички академиялык мобилдүүлүктү жемиштүү жүргүзүп жаткандыгына токтолуп, билим берүү программаларын унификациялоо учурдун талабы экендигин белгилеп, ОшМУ ачык саясат жүргүзгөн окуу жай экендигин билдирди.

Ал эми ректор Алмаз Орозакунович делегацияны ОшМУ жылуу тосуп алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, жетекчилик менен жолугушуп жаткандыгына кубанычта экендигин айтты. Өз сөзүндө ректор, ОшМУ Кыргызстанда эң жетишкен, өнүккөн, алдыңкы №1 окуу жай экендигин белгиледи жана университети туурасында кыскача төмөнкүлөрдү айтып берди: Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университети 1999-жылы түзүлгөн. Мында араб тили жана педагогика, гуманитардык билим жана журналистика, экономика жана укук факультеттери, эл аралык мамилелер адистиктерине өзгөчө басым жасалат. Андыктан келечекте ушул адистиктер боюнча окутуучулар, студенттер ортосунда академиялык алмашууларды, илимий иш-чараларды уюштуруу иштери аткарылат. Кол коюлган келишимдер кагаз жүзүндө калбайт, жамааттын жана студенттердин пайдасы үчүн иштейт. Сөзүнүн соңунда ректор мырза университеттердин ортосундагы мамиле жакшырып, ар дайым ДОС болуп жүрө берели деген тилегин билдирди.

Келишимдерге расмий түрдө кол коюу церемониясынан кийин проректор А.О. Абдувалиев сөз сүйлөп, жыйындын катышуучуларын кол коюлган келишимдер менен куттуктап, эки университеттин ортосунда эл аралык деңгээлде кызматташуу багытында алдыда аткарыла турган көп иштер бар экендигин белгиледи. Андан соң тараптар бири-бирине баалуу белектерин тапшырышты.

Жыйындын расмий бөлүгү аяктаган соң келишимдеги кызматташуу механизмдерин ишке ашыруу маселелери проректорлор, декандар жана кафедра башчылары тарабынан талкууланып, окутуучулар, магистранттар жана студенттер менен маектешүү уюштурулду.

“Келишимдерге кол коюу аземинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринин жана магистранттарынын катышуусунда өткөнү катышуучулар үчүн чоң практикалык мааниге ээ. Кызматташтыктын алгачкы кадамы катары эки уинверситеттин студенттери арасында “Модель ООН” конференциясын өткөрүү жана алдыңкы студенттерди биргелешип Казахстандын Алматы шаарындагы форумга жөнөтүү эсептелет” – деди эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Жолугушуудан кийин коноктор ОшМУнун музейинде болушуп, университеттин заманбап инфраструктурасын түзгөн кампустары менен таанышышты.

2823 14:21 13-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|