Haber

ОшМУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүү иш-чаралары

Мевлана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы доцент Эрлан Камалов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев Туркиянын Мунзур университетине тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды окуу максатында иш сапарда жүрүүдө. Иш сапардын программасы боюнча ОшМУнун аталган кызматкерлери аталган университеттин ректору, факультеттердин декандары, департаменттердин башчылары жана студенттер менен өз ара кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Мевлана, ДААД, Туркия бурслары, Эрасмуз+, Ферхад ж.б. программалар аркылуу Ош мамлекеттик университети менен Мунзур университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселери талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынуусу күтүлүүдө.
2667 10:46 06-06-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|