Haber

ОшМУнун профилакториясындагы Эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринен жетекчилик кабар алып келишти

ОшМунун №3 жатаканасынын базасында студенттер жана мугалимдер үчүн профилактория иштеп келе жатат. Эл аралык мамилелер факультетинде деканат, кесиптик кошун уюму менен бирдикте студенттерди профилакторийге жайгаштырууну колго алышты. Үстүбуздөгү окуу жылында факультеттин төмөнкү студенттери: Тажибаев Берен, Камчыбеков Бекбол, Эшмаматов Жоодар 1-агымда эс алышып, профилакторийде эс алышып, дарыланып чыгышты. Азыркы учурда Мирбек уулу Нуртилек, Эшмамат уулу Жоодарбек, Анарбеков Бакдөөлөт жана Топчубаев Чынберди эс алышып, ден соолугун чыңдоодо. Ар бир студент жолдомо алуу үчүн 500сом төлөп, анын ичинде бир күндө 3 маал тамак ашы, массаж алуу, айрым дарылоо процедуралары каралган. 20-апрель күнү факультеттин деканы Э.Т. Камалов жана профбюронун төрагасы С.А. Акматов, жаштар комитетинин төрагасы Н. Жумабаев жана студенттик тайпалардын старосталары болуп профилакторийдеги эс алып жаткан студенттерден кабар алышты. Аңгемелешүүдө профилакторийдин жетекчилиги шарттар менен тааныштырды. Өз кезегинде студенттер түзүлгөн шарттар жакшы экендигин белгилешип ыраазычылыгын билдиришти. Дегинкиси, булл жумуш абдан позитивдүү көрүнүш болуп, андар –ары колдоого жана өркүндөтүүгө муктаж.
2369 13:12 22-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|