Haber

Окутуучулар окутуучуларга жардам берет

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 7-8-сентябрь күндөрү Кыргызстандын түштүк регионунун англис тили мугалимдери үчүн эл аралык семинар эки күндүк ишин баштады.

Англис тилин окутуунун заманбап усулдары тууралуу АКШ, Англия, Австралия, Япония, Жаңы Зеландия, Канада жана Түштүк Корея мамлекеттеринин алдынкы университеттеринен келген адистер Роджер Палмер, Матт Кумбер, Джеймс Крокер, Ларри Леви, Грег Рональд жана Йоко Такано тренинг өтүшүүдө.

Алгач пленардык жыйынды факультеттин деканы, доцент С.Ш. Калыгулова ачып, ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент А. Абдувалиев меймандарга, катышуучуларга ийгилик каалап, бул семинар окутуучулар үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп кетти.

2222 15:42 07-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|