Haber

“Стейкхолдерлер менен Конференция”

Бүгүн, 24-ноябрь 2017-жылы, Ош Мамлекеттик Университетинин Дүйнөлүк тилдер жана Маданият факультетинин “Aмерикажанакотормотаануу” кафедрасынын окутуучусу Танабаев Эрнесттин демилгеси менен уюштурулган конференция өткөрүлдү. Конференциянын максаты Стейкхолдерлер менен котормочу студенттер арасында диалог уюштуруу болду. Конференцияга Германия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы, элчинин жардамчысы Вольфганг Ханс Эмингер. Ош шаарынын Дестинациясынын Аткаруучу Директору Саламатов Бексултан. Ош шаарынын “Классик” мейманканасынын негиздөөчүсү жана башкаруучусу Ажимаматов Азизбек конок болуп катышышты.

Конференция диалог түрүндө жүргүзүлдү. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорду беришти. Ошондой эле жоопторду канааттандырарлык деңгээлде ала алышты. Конференция 3 тилде өттү: англисче, орусча жана кыргызча. Элчинин жардамчысы В.Х. Эмингер өтө кызыктуу маек кылыпберди өзүнүн академиялык жана карьералык жетишкендиктери тууралуу. Суроо-жооптор көп берилип, англистилинде баарлашуу өттү.

“Классик” мейманканасынын негиздөөчүсү жана башкаруучу Ажимаматов Азизбек өзүнүн ийгиликке жетишүү жолун орустилинде баяндап берди. 1992-жылы туулган жаш бизнесмен өзүнүн ийгилик формуласы менен бөлүштү.

Ош Дестинациясынын Аткаруучу Директору Саламатов Бексултан аябай кызыктуу маек кылыпберди. Акырында студенттерге жумуштар сунушталды.

Стейкхолдерлер котормочуларга эмгек рыногунда талап көптүгүн баса белгилешти жана студенттерге жакшы кеп кенештер,сунуштарды беришти.

Конференция өтө мазмундуу, замандын талабына жараша өз убагында, студенттер үчүн пайдалуу болду.

3274 15:43 24-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|