Haber

Жаштардын жумушка жайгашуусундагы актуалдуу маселелер аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага: Ош шаардык мэриясынын өкүлү , Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүктүн башчысы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Жогорку Окуу жайлар (Ош технологиялык университетинин карьера борборунун жетекчиси) Билим,илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун Ош областтык укуктук инспектору, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инстрим Ош жана “Жинмей” атындагы фирманын өкүлү ж.б. иш берүүчүлөр, студенттер бүтүрүүчүлөр келип катышты. Иш чараны Ош МУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору, саясий илимдеринин кондидаты Абазбек уулу Расул ачып берди. Андан сон Жакыпова Гулмира Ош МУнун карьера борборунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралары жөнүндө презентация жасады. Уюштурулган тегерек столдун максаты коомчулукта жаштарыбыздын жумушка жайгашуусундагы көйгөйлөрү, мүчүлүштүктөрү, жана проблемары. Тегерек столдун жүрүшүндө азыркы учурда базар экономикасы кандай жумуш орундарды талап кылып жатат? Билим алып жаткан студенттерибиз базар экономикасын эске алуу менен кесибин тандап алдыбы? ЖОЖдор бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн канча пайызы өз адистиги боюнча жумушка жайгашып жатат? Кесипти туура тандоодо кимдер жардам берет? Алдына койгон ишмердик карьерасын эмнеден башташ керек? Дегеле коомчулукта жаштарыбыздын интелектуалдык денгээли кандай даражада өсүп жатат? Деген суроолордун тегерегинде талкуу болчу. Жыйынтыгында Жогрку окуу жайларга кошумча кесипти киргизүү сунушу Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынны башкы адиси Исмаилова Салима тарабынан айтылды. Инстрим Ош уюму тарабынан кесипке багыттоо иштерин мектеп окуучулары менен тыгыз иштөө керек экендигин айтты.
4171 18:20 16-02-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 >|