Haber

Орто кесиптик мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча негизги билим берүүнүн программасын (НББП) талкуулоо.

Бүгүн, 13-февралда гуманитардык-педагогикалык колледжде мектепке чейинки билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн (гр. ДО-1-16) ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууну орто кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын окутуучулары уюштуруп, бүтүрүүүчү курсунун студенттери жана алардын ата-энелери менен адистик боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программасын талкуулашты. Ошондой эле студенттердин сабактарга болгон катышуу-жетишүүсү, алдыда боло турган мамлекеттик практика, аттестация жана аккредитация жөнүндө пикир алышты. Жолугушууга кафедра башчылары, доценттер: Умурбекова Т.А., Досматова Ж.Н.; окутуучулар: Джаркинбаева А.Т., Ахунбекова Т.А., Талай кызы У., жана ДО-1-16 группасынын куратору Матеипова Г.Д. катышты.
2881 09:50 14-02-2018

                 

Haber

|< >|