Haber

"Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучу О.Нарбаевдин ачык сабагы

Юридика факультетинин “Кылмыш-жаза укугу жана процесси” кафедрасынын улук окутуучусу О.Нарбаев 03.09.2017ж. 3 курстун ЮР(б)-2-14 тайпасына “Бут издерин алуу” деген темада лабораториялык ачык сабагын өттү. Өтүлгөн ачык сабактын темасы, негизинен студенттерге практикалык түрдө, адистик багыттагы кылмышкерлердин изин кубалоодогу алынуучу далилдерди көрсөтүүгө багытталган. Студенттер менен биргеликте улук окутуучу О.Нарбаев жана ачык сабакка катышкан кафедранын окутуучулары сыртка чыгып, жумшак топурактуу жерди күрөк менен казып, зымдан жасалган решеткага суу менен альбастрды аралыштырып, бут издерин алуунун методун үйрөнүштү. Ачык сабак улук окутуучу О.Нарбаев тарабынан абдан кызыктуу жогорку деңгээлде өтүлдү.
3365 15:04 09-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 >|