VII Назаровдук окуулар
16:37
ОшМУнун МИОМ кафедрасы жана ОГПИнин Математика жана компьютердик технологиялар факультети 4-апрель күнү ОГПИнин базасында салт болуп калган “VII Назаровдук окуулар” аттуу регионалдык илимий-методикалык конференцияны өткөрүштү.
Конференцияга ОшМУнун, ЖАМУнун, БАТМУнун, ОшМСУнун, ОшТУнун, КББАнын окутуучуларынын, изденүүчүлөрүнөн 100гө жакын баяндамалар келип түшкөн, алардан 6-секцияда 60 тан ашуун баяндамалар талкууланып басмага сунушталды.
Пленардык жыйында угулган илимий баяндамалар:
1. Мадраимов С.М. – ОГПИнин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты, Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы – Тема: Кыргызстандын түштүгүндө математиканы окутуунун методикасынын калыптанышында профессор М.Н.Назаровдун кошкон салымы.
2. Алтыбаева М.А. – профессор, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун сапат департаментинин директору – Тема: Кыргызстанда билим берүү системасын реформалоодогу проблемалар.
3. Аттокурова А. – доцент, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун математика жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы – Тема: Окутуунун кредиттик технологиясында окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.
Конференцияда ОшМУнун “Билим берүүнүн сапаты менеджменти” программасынын 5 магистранты, МИТ факультетинин 4 курсунун студенти Исмаил кызы Г. баяндамалар менен катышкандыгын канааттануу менен белгилөөгө болот.
Секциялардын ишинин жыйынтыгы боюнча мыкты баяндамаларга 1-2-3-даражадагы дипломдор ыйгарылды. Г.Исмаил кызынын “Маалыматтык технологиялардын студенттин болочок адис катары калыптануусундагы ролу” темасындагы баяндамасы “мыкты доклад” катары I даражадагы дипломго татыктуу болушу өзгөчө кубандырат.
Регионалды илимий конференция резолюция кабыл алуу менен ишин аяктады.
2811 16:37 06-04-2015