Haber

Эл аралык медицина факультетинин СГД кафедрасында 1-курстар арасында олимпиада жүргүзүлдү.

2017-жылдын 11-декабрынан 15-декабрына чейин ЭМФнын СГД кафедрасынын окутуучулары тарабынан 1-курстар арасында предметтик олимпиадалар өткөрүлдү. Кафедра башчысы, доц. Ысмаилова Р. А 1-курстарга ийгилик каалоо менен олимпиадаларды ачып берди. Орус тилинин практикалык курсу предмети боюнча олимпиада III баскычта өткөрүлүп, 1-орунду Садык Али 7-б, 2-орунду Абдул 7-б, Мухаммед Талиб 7-а, 3-орунду Мухаммед Азар Уддин 9-а жана Шибу Сампад 9-а ээлешти. Англис тилинин практикалык курсу боюнча олимпиада III баскычта өткөрүлдү. I баскыч: тест менен иштөө, II баскыч: угуп жазуу, III баскыч: макалдардын маанисин чечмелеп берүү. 1-орунду Апуур Саурав 9-б, 2-орунду Аканша Вадатка 9-а, 3-орунду Рамеш Кумар 1-а ээлешти 15-декабрда кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча өткөрүлгөн олимпиадада 1-курстун студенттери 1-орунга Мухаммед Ашрав 13-а, 2-орунга Ручи Шекхар 11-б жана Пратик Химмат 11-б, 3-орунга Канхая Бхарти 14-б жана Альберт Требла 19-а 3-орунга ээ болушту. Латын тилинин практикалык курсу боюнча ар бир группадан студенттер катышып, билимдерин сынашты. Олимпиада 3 баскычта өткөрүлүп, анда латын тилинин грамматикасы, сөз жасоо жолдору жана терминалогиясы боюнча суроолор камтылган. Студенттер предметтер боюнча алган билимдерин жогорку деңгээлде өздөштүргөндүктөрүн көрсөтө алышты.
3711 17:00 15-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|