Haber

2017-жылдын 30-сентябрында ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинде «Эл баасы» агенттигинин 1-стандарт боюнча семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө «Эл баасы» аккредитациялык агенттигинин директорунун орун басары, ф.-м.и.д., профессор А.Сопуев тарабынан төмөнкүдөй баалуу маалыматтар берилди. · Кадрларды даярдоонун «Миссия – НББП – Максаттар – Күтүлүүчү натыйжалар – Компетенциялар матрицасы – Окутуунун жыйынты» схемасы презентацияланды; · 1-стандартты ачкыч сөздөр менен анализдөө, иш-чараларды пландоо, жооптууларды дайындоо, далилдөөлөрдүн тиркемелерин түзүү методдору каралды; · Бүтүрүүчү кафедранын бакалавр багыты боюнча жумушчу топ тарабынан өздүк баалоону уюштуруунун, өткөрүүнүн жана отчетту түзүүнүн болжолдуу иш-чаралары белгиленди; · ОшМУнун миссиясын анализдөө жана анын негизги жоболорун НББПны түзүүдө (максаттарды, милдеттерди, күтүлүүчү натыйжаларды, ЖОЖ тарабынан толукталган компетенцияларды аныктоодо) колдонуу боюнча практикалык сабак өтүлдү.
2039 13:53 06-10-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|