Haber

ОшМУнун студенттери Алматыда академиялык мобилдүүк программасында билим алып жатышат

Ош Мамлекеттик университети менен Казакстандын Алматы шаарындагы Жаңы экономика университетинин (ЖЭУ) ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишиминин негизинде 2015-2016-окуу жылында ИВТ багытынын ПОВТАС профили боюнча 2-курста «эң жакшы” бааларга окуп жатышкан студенттер: Мирзакамалова Мадина (бюджеттик негизде окуйт) жана Шегай Диана (контракттык негизде окуйт) 6 айга (01.09.2015-01.01.2016) Алматы шаарына барып окуп келүүгө макулдук алышып, азыркы учурда алар ЖЭУнун 2-курсунда «Прикладдык илимдер мектеби» деп аталган факультеттин «ВТИПО» группасында билим алып жатышат.

Академиялык мобилдүүлүк келишими боюнча ОшМУда окуган студенттер контракттык акыны ОшМУга төлөйт, ал эми ЖЭУда акысыз окуп келе алат. Бул студентердин татыктуу билим алуусуна түзүлгөн шарттардын бири деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө сыртка чыгып окуп келүү студенттердин негизги максаты экендиги талашсыз жана кызыкдар студенттердин саны күн сайын дагы өсүүдө.

3878 14:27 12-01-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|