Haber

ОшГУ менен НАРХОЗдун ортосундагы байланышты түзгөнбүз, түзөбүз жана түзө беребиз!

ОшГУ менен НАРХОЗдун ортосундагы байланышты түзгөнбүз,

түзөбүз жана түзө беребиз”

Ош мамлекеттик университети менен Казакстандын Алматы шаарындагы НАРХОЗдун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишиминин негизинде 2015-2016-окуу жылында ИСТ багытынын ИСТЭ профили боюнча 2-курста эң жакшы бааларга окуп жатышкан студенттер: Турдуматова Жибек, Эламан кызы Анара Алматы шаарына барып окуп келүүгө макулдук алышып, билим алып кайтышты.

2016-жылы 21-сентябрда МИТ факультетинин студенттери үчүн Турдуматова Жибек жана Эламан кызы Анара тарабынан НАРХОЗ университети боюнча баяндама жасалды. Баяндама презентациялар менен коштолуп, суроо-жооп түрүндө жүргүзүлдү. Студенттердин кызыккан суроолоруна толук кандуу жооп ала алышты.

Академиялык мобилдүүлүк келишими боюнча ОшМУда окуган студенттер контракттык акыны ОшМУга төлөйт, ал эми НАРХОЗдо акысыз окуп келе алат.

2782 14:18 12-01-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|