Duyuru

Өздүк баалоо боюнча семинарга чакыруу.

Урматтуу коллегалар! Быйылкы окуу жылында бардык багыттар, профилдер боюнча көз карандысыз аккредитациядан өтүүбүз күтүлүп жатат. Ага карата олуттуу даярдык иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Алардын бири – өздүк баалоо. Өздүк баалоо боюнча ОшМУда семинарлардын сериясы өткөрүлгөн. Кыргызстандагы аккредитациялык агенттиктердин бири – “Билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдиги боюнча EdNet агенттиги” өздүк баалоо боюнча семинарлар уюштуруп келет. Шилтемеде бул мекеменин кезектеги семинарынын өткөрүлүшү жөнүндө маалымат берилет ( Шилтеме ). Каалоочулар катталып, семинарга катышса болот. ББСД
2828 13:12 06-10-2015

                 

Duyuru

|< >|