Haber

Юридика факультетинде кышкы лагерь жыйынтыкталды

2018-жылдын 18-20-январь күндөрү факультетибизде кышкы лагерь болуп өттү. Аталган лагерге Ош шаарынын №38-Барпы Алыкулов мектеп-гимназиясынын, №57 Т.Сулайманов орто мектебинин жана "Билим" менчик мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келип катышышты. Иш-чарада факультетибиздин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Андан соң факультет боюнча экскурсияга чыгышты. Эки күн аралыгында окутуучулар Минбаев С. А. "Криминалистика", Сулайманов Ч. М. "Жарандык процесс", Абдылдаев И. К. "Юридикалык клиниканын өзгөчөлүгү", Карабаева И. "Социалдык иш" багытынын актуалдуулугу" боюнча сабактарды өтүп беришти. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Маткалыков А. С. ОшМУдагы тарбиялык жана маданий-массалык иштер боюнча презентация жасады. Ал эми декандын окуу иштери боюнча орун басары Минбаев С. А. ОшМУнун "Данк" орденине ээ болушу, ОшМУдагы окуу процессинин жүрүшүндөгү жетишкендиктер, ички жана тышкы мобилдүүлүк боюнча презентация жасады. Аягында келген окуучуларга ыраазычылык билдирилип,университетибиздин жана факультеттин буклеттери таркатылып, мектеп директорлоруна "Ыраазычылык кат" берилди.
2688 08:19 22-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|