Haber

Юридика факультетинде тегерек стол уюштурулду.

Кечээ 17-февраль ОшМУнун юридика факультетинде 217-каанасында факультеттин деканы профессор, Г.К.Кульдышеванын түздөн-түз демилгеси менен өлкөбүздүн түштүк аймагында юриспруденция багыты боюнча адистерди даярдаган ЖОЖ дордун өкүлдөрү чакырылган тегерек стол болуп өттү. Мында юриспруденция багыты боюнча адистерди тарбиялоодогу кемчиликтер жана сапатты жогорулатуудагы шарттар каралды.Ошондой эле бул тегерек стол юриспруденция багыты боюнча адистикти даярдоочу орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын программаларындагы окутуунун алдынкы тажрыйбаларын алмашууга багытталып, ОшМУ нун Сапат департаментинин башчысы, профессор М.Алтыбаева баштаган жалпы чакырылган коноктор юриспруденция адистигин даярдоодогу НББПны кызуу талкуулашып, бир топ сунуштар айтылды. Чакырылган конокторду факультеттин деканы, профессор Г.К.Кульдышева жасалып жаткан алгылыктуу иштердин жүрүшү менен тааныштырды.Анда атайын сот залы, криминалистика каанасы жана усулдук кенештин иш бөлмөсүндөгү түзүлгөн шарттар көрсөтүлдү.Тегерек стол жемиштүү жыйынтыкталды.
4035 15:41 18-02-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|