Haber

Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн март айындагы көчмө жыйыны.



ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна 2017-жылдын март айында бөлүмдүн ар шаршемби күнү өтүлүүчү жыйынын Табият таануу жана география, Теология, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринде өткөрдү. Жыйынга университеттин 13 факультетинин магистратура жооптуулары катышышты. Сөз башында факультеттин декандары жана магистратурага сабак берген окутуучулар факультеттеги магистратуранын көйгөйлөрү жана артыкчылыктары менен ой бөлүшүштү. Жыйындын жүрүшүндө факультеттин магистратура бөлүмүнүн жалпы абалы талкууланды. Факультеттин магистратура жооптуулары Молдалиев Жоомарт Тумакович, Сооронбаева Каухар Акылбековна жана Кожоева Гүлжамал Жайлообаевналар иш кагаздары, окуу лабораториялары, аудиториялары жана китепканалары менен тааныштырды.



















2265 15:53 03-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|