Haber

КММАда уюштурулган микробиология, вирусология жана иммунология предмети боюнча олимпиада медицина факультетинин “MicroMed” командасы III орунду ээледи.

14-16-февраль күндөрү КММАда профессор Б.Я. Эльберттин 125 жылдыгына арналган, микробиология, вирусология жана иммунология предмети боюнча Биринчи Эл Аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага республика боюнча медицина багытында адистерди даярдаган жогорку окуу жалардан 12 команда катышып, ОшМУнун медицина факультетинин “MicroMed” командасы III орунду камсыз кылышып III даражадагы диплом жана ар бир катышуучу сертификат менен сыйланышты.

Факультеттин деканы Административдик кеңеште жеңүүчүлөрдү куттуктап алдыдагы окууларына ийгилик, университеттин, факультеттин аброюн дагы бийик көтөрүүгө салым кошо берүүсүн каалады.

Олимпиадага студенттерди медицина факультетинин “Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар курсу менен ” кафедрасынын башчысы профессор И.Т.Тайчиев, А.А.Байгасиева, И.Т., Заировалар тарабынан даярдалган.

4377 10:18 22-02-2017

                 

Haber

|< >|