Аталган бөлүмдөрдө симуляциялык (машыктыруучу) препараттар, жогорудагы бөлүмдөргө ылайык адамдын дене мүчөлөрү сыяктуу манекендер, медициналык каражаттар камтылган. “Виртуалдык клиникада” симуляциялык манекендер аркылуу студенттер бардык оруунун белгилерин угуп, көрүп, тапшырмаларды аткарып пайдаланууга болот.
Мындай билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, кесипкөй адистерди тарбиялоого, көндүмдөрдү аткарууга багытталган баалуу каражаттар үчүн Швейцария элчилигинен 50 миң $ каражат бөлүнсө, ОшМУнун ички каражатынан 50 миң $ каражат сарпталган. Белгилей кетсек, ОшМУнун медицина факультети «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында жаңы интеграцияланган окуу пландарын түзүү боюнча иштерди алып барууда. Учурда Медицина факультетинин «560001 – дарылоо иши” адистигинде билим алып жаткан 1-курстардын студенттери аталган долбоордун алкагында дисциплиналар аралык модулдук программа боюнча билим алып жатышат.