Haber

ОшМУда Дата-борбор (Datacenter) ачылды

Ош мамлекеттик университетинин өнүгүү концепциясына ылайык жана университеттин ректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен университетте 13-февраль күнү Дата-борбор ачылды.

ОшМУнун окуу процессин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө шарт түзгөн борбор окуу жайдын башкы имаратынын жанында жайган окуу имаратынан орун алды. Аталган борборду ишке ашыруу үчүн 6 айга чукул убакыт талап кылынып, чет өлкөлөрдөн алынып келинген заманбап жана өтө кубаттуу сервердик жабдыктар менен жабдылды.

Борбордун ачылуу аземинде ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Биз толук түрдө окуу процессин автоматтык башкарууга өткөргөнбүз. Башкача айтканда, электрондук башкаруу бүгүн бизге заманбап, оперативдүү жана мобилдүү жыйынтыктарды берип жатат. Бул өтө оор жана татаал иш болду. Бирок муну биз чечип, ОшМУну коомчулукка ачык университет катарында көрсөтө алдык. Ош мамлекеттик университетинин өнүгүү концепциясына ылайык университетте чоң Datacenterди түзүп, ишке киргизүү тууралуу максатыбыз бар эле, бүгүн ал пландаган ишибиз ишке ашып отурат. Эми университеттин бардык маалыматтары “Булуттук” технология аркылуу ишке ашат, өнүгөт жана сакталат. “Булуттук” технологияны билим берүү процессинде пайдалануу билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө чоң импульс берет, чукул өнүгүүгө жол ачат. Мындан ары биз маалымат коопсуздугун сактаган борбордун ишин өнүктүрүп, кеңейтип отурабыз ”-деди.

Бул сервердик жабдыктар глобалдык интернет тармагына жана университеттин бардык структуралык бөлүмдөрүндөгү локалдык тармактар менен була-оптикалык байланыш кабелдери менен туташтырылган.

“Дата-борбордун ачылышы менен университетте маалымат берүүнүн кубаттуулугу кескин жогорулады, маалыматтарды сактоонун көлөмү кеңейди башкача айтканда 148 терабайттык көлөмгө ээ болду, булуттук технология толук кандуу ишке ашты, университеттин AVN системасынын базасын сактоого резервдик сервер түзүлдү, университеттин сайттынын сервери кеңейтилди, факультет жана кафедралар үчүн сайт түзүү аянтчасы ачылды, виртуалдык лабораториялар үчүн шарттар түзүлдү, компьютердик башкаруу системасы ишке кирди, электрондук китепкана үчүн кошумча WEB-шлюз түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылды, ошондой эле университетте кошумча 100 VoIP(IP-телефон) номерлүү мекемелик телефондук станция ишке кирди”, -деди ОшМУнун маалыматтык жана техникалык камсыздоо борборунун директору Равшан Ураимов.

10366 11:48 13-02-2017

                 

Haber

|< >|