Университеттеги коопсуздук чараларын күчөтүү, бекемдөө максатында дүйнөлүк университеттерде ишке ашып келген бул долбоорду колдоого алган ОшМУ “Демир Банктын” колдоосу менен университеттин бардык окуу корпустарына, жатаканаларына “Кампустук карта” долбоорун киргизип жатат. Учурда университетте иштеген окутуучуларга жана кызматкерлерге, билим алган студенттерге акысыз кампустук карталар таркатылып берилүүдө.
Бул долбоордун эң негизги максаты-университеттин аймагындагы коопсуздукту сактоого, окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле ар бир окутуучунун, кызматкердин жана студенттин учурдагы натыйжалуу иштөөсүн көзөмөлдөөчү функцияга ээ. Финансылык которууларды иш жүзүнө ашыруучу, ар бир окутуучу, кызматкер жана студент жөнүндө жеке идентификациялык маалымат базасын түзүүгө шарт түзгөн, университеттин башкаруу жана аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен долбоор болуп саналат.