Haber

Өзбекстандан келген делегация Ош мамлекеттик университети менен жакындан таанышты

Бүгүн, 26-октябрда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Андижан, Наманган, Фергана облустарынын губернаторлору, мамлекеттик жана облустук түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери, ишкерлер, фермерлер сыяктуу 140дан ашуун Өзбекстандан келген делегация Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин Медицина, Эл аралык медицина, Медициналык клиникасы турган Ак-Буура кампусу менен жакындан таанышышты.

Конокторду Ош мамлекеттик университетинин жамааты жандуу музыка менен тосуп алышты жана атайын университеттин талантуу окутуучуларынын, студенттеринин кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө тартууланып, университетте 21 өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттердин улуттук баалуулуктары көрсөтүлдү.

Делегация университеттин Эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан чет элдик студенттердин таланттарына күбө болушуп, студенттердин сабактарына кирип баарлашууга да жетишишти.

Жолугушуунун соңунда Андижан мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо, ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу багытында эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Эске сала кетсек, достукту, ынтымакты бекемдөө максатында үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Өзбекстанга барган Кыргызстандык делегациянын курамында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков да барып, Андижан мамлекеттик университетинде болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген болчу.

11701 15:44 26-10-2016

                 

Haber

|< >|