Haber

ОшМУда студенттерди кийинүү маданиятына үйрөткөн сынак уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан факультеттер арасында «ОшМУнун стилдүү студенти - 2016» күзгү-кышкы кийимдердин көргөзмө кароо сынагы Ош улуттук драма театрында болуп өттү.

Сынак студенттерди кийинүү маданиятына үйрөтүү, жаштарга эстетикалык тарбия берүү максатынын көздөйт. Сынак 3 турдан туруп анда катышуучулар күзгү, кышкы кийимдердин эркин, классикалык, кечки стилдерин көрсөтүшүп, жүрүм-турумга, атыр жыттарды пайдаланууга, боюнууга, кийинүүгө байланышкан суроолорго жооп беришти. Сынакка белгилүү стилист, визажист, дизайнерлер, журналисттер калыстык кылышты.

Конкурска факультеттерден, институттардан тандалып алынган 11 мырза, 11 селки катышып жыйынтыгында Чет тилдер факультетинин студенти Бакытбек кызы Асел «ОшМУнун стилдүү селкиси - 2016», ал эми Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Алымкулов Баяман «ОшМУнун стилдүү мырзасы - 2016» номинациясына ээ болушса, Табият таануу жана география факультетинин студенти Турдалиева Айнагүл “ОшМУнун күз канышасы”, Чет тилдер факультетинин студенти Талантбек уулу Адилет “ОшМУнун күз мырзасы”, ал эми Искусство факультетинин студенти Бактыбек кызы Нуриза “ОшМУнун кыш канышасы”, Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Марат уулу Абдысалам “ОшМУнун кыш мырзасы” номинацияларына татыктуу болушту. Жеңүүчүлөрдүн баары ОшМУ тарабынан Ысык-Көлдө жайкы эс алууга жолдомо, диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

Сынакта I, II, III орунду багындырган катышуучуларга Ош шаарындагы белгилүү Brand Mix, LA SPOSA дүкөндөрү тарабынан 2000 миң сомдук сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, аталган сынак 2010-жылдан тартып студенттерге кийинүү маданиятын үйрөтүү максатында уюштурулуп келет.

10815 14:28 25-10-2016

                 

Haber

|< >|