Haber

ОшМУнун ректору студенттер менен пикир алышты

Ош мамекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков студенттер менен жолугушуп университетте турмушка ашып жаткан иш аракеттер, эл аралык байланыштар, студенттердин сапаттуу билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттар, университеттин алдыдагы перспективалары тууралуу ой бөлүштү.

Жолугушууда ректор Каныбек Исаков ар бир студенттин ой-сунуштарын угуу менен алардын эмнени эңсеп, эмне менен жашап, эмнени кыялданарын билүү менен алардын эңсегенин турмушка ашырууга болорун кошумчалады. Ошондой эле өзгөрүүнү, жаңы нерсени, өзгөчө мамилени күтүү менен эмес, ар бирибиз өзгөрүүнү өзүбүздөн баштаганыбызда коомдо да ошондой өзгөрүү болоорун айтты.

“ОшМУнун ректору катары менин бүгүнкү философиям – инсанга: адамдын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, жөндөм-шыгын реализациялоого, адамдардын көңүлүн көтөрүүгө, иштөө үчүн жана жашоо үчүн дем-шык берүүгө арналган десем жаңылышпайм. Ар бир адамдын жакшы жактарын көрүүгө, анын жакшылыгын өнүктүрүүгө, жаңыча ой жүгүртүп иштөөсүнө, көз карашын заман менен тең жарыша алып жүрүүсүнө багытталган десем аша чаппасам керек. Окутуучу менен студенттин дараметин көтөрүүгө, жылуу мамиле аркылуу алардын ортосундагы адамгерчилик мамилени өрчүтүүгө арналган.

Ардагерлерибиз да өсүп-өнүгүүбүзгө туура сөзүн айтып, колдоо көрсөтүп келе жатышат.Ардагерлерибиз-университетибиздин куту.

Университетибизде орто муун болсо өзүнүн тажрыйбаларын, илим, билимин, топтолгон профессионалдык-интеллектуалдык дараметин университетибизден аяшкан жок. Алар жамаатыбыздын оорун колдон, жеңилин жерден алып келе жатышат. Орто муун-окуу жайыбыздын жүзү.

Өзгөчө чыгармачылык менен жаңыча иштөөгө, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө далалаттанган жаштарыбыздын бар экендиги жана алардын демилгелер менен чыгып жаткандыгы бизди кубандырат. Алардын демилгелерине дем бергенге, саамалыктарын колдогонго аракет кылабыз. Жаштарыбыз-университетибиздин келечеги. Ардагерлер-орто муун-жаштар муундар ортосундкгы байланышты бекем кармайбыз”, -деди ректор Каныбек Исаков жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө.

Жолугушуунун соңунда студенттерге “ОшМУ- тагдырыбыз, бактыбыз” аталышындагы китеп таркатылып берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер көңүлүндөгү кызыктырган суроолорго ректор тарабынан жооп алып, өз ойлорун да ортого салышты. Жетекчилик менен студенттердин өз ара жылуу маанайын жараткан жолугушууда ОшМУнун ректору К. Исаков окуу жайдын негизги миссиясы мекенин сүйгөн, тарбиялуу, ыймандуу, азыркы атаандаштыкка туруштук берген кесипкөй адистерди даярдоо экенин, ал үчүн ар бирибиз өзүбүздөн баштап салым кошууну баса белгиледи.

8884 16:09 24-10-2016

                 

Haber

|< >|