Haber

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР СИМПОЗИУМУ ӨТТҮ

23-24-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде “Коомдун маданиятында ислам дининин орду” аттуу студенттердин Эл аралык илимий симпозиуму өттү. Иш-чара Түркиянын “Диянет” фонду, “Тика” уюму жана Ош МУнун Теология факультети менен биргеликте уюшутрулуп, ага Түркиянын Анкара, Кырыккале университеттеринен 15 профессор, 30 студен, ошондой эле Кыргыз –Түрк “Манас” университетинен, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик мниверситетинен, ОшМУнун Арашан гуманитардык инситутунан студенттер катышышты.

Аталган симпозиумда ОшМУнун ректору К.Исаков ОшМУ менен Түркия мамлекетиндеги 38 университет менен “Мевлана” алмашуу программасынын алкагында кызматташып келе жаткандыгын, бул программа студенттердин алмашып билим алуусуна чоң өбөлгө болгондугун белгиледи жана Түркиянын “Диянет” фонду, “ТИКА” уюму менен эки тараптуу бир топ кызматташуулар жүрүп жаткандыктарына токтолду жана симпозиумда бир топ негиздүү ойлор айтылып, мазмундуу өтүүсүн каалады. Симпозиумдун катышуучулары ислам дини, анын коомдун маданиятындагы орду тууралуу илимий баяндамаларын жасашып, пикир алышты.

9873 14:42 26-05-2016

                 

Haber

|< >|