Haber

Медицина факультетинде " Декандык балл" уюштурулду

Медицина факультетинин деканаты жана жаштар комитети тарабынан медицина факультетинин баардык адистиктеринин студенттери жана мугалимдерине атайын «Олигарх» ресторанында "Декандык балл" уюштурулду.

Майрамдык кечени факультеттин деканы, профессор Арстанбеков М.А. декандын окуу иштери боюнча орун басары Айтиева Ш.Дж., Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология кафедрасынын башчысы, доцент Исмаилов А.А. куттуктоо сөздөрүн айтышып, жалпы жамааты, студенттерди кирип келе жаткан 2016- жаңы жылы менен куттуктады.

Алгач майрамдык кечеде оюн-зоок программа менен коштолуп, окууда жана коомдук иштерде активдүү катышкан студенттерге грамоталар тапшырылды.

3688 11:23 26-12-2015

                 

Haber

|< >|