Haber

Медицина факультетинин дагы бир кафедрасы Россия Табият таануу Академиясынын " Алтын кафедра" наамына ээ болду.

Россия Табият таануу Академиясынын 20 жылдык мааракесине карата Москва шаарында өткөрүлгөн мааракеде Медицина факультетинин деканы, профессор Арстанбеков Маматжан Арстанбековичке «Академиянын профессору» деген ардактуу наам ыйгарылды жана «Гистология жана патанатомия кафедрасынын башчысы, м.и.д, профессор Шатманов Суйуналы Токтоназаровичке Эл аралык Табият таануу Академиясынын « Ардактуу профессору», « Академиянын « Трудом и знанием» ордени жана ал жетектеген кафедрасына “Россиянын алтын кафедрасы” наамы ыйгарылды

Эскерте кетсек буга чейин Медицина факультетинин Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы кафедрасына “Россиянын алтын кафедрасы” наамы ыйгарылган. Алган сыйлыгыңыздар куттуу болсун урматуу биздин сыймыктуу профессорлор, иштериңиздерге ийгилик, дагыда медицина факультетинин өнүп өнүгүшүнө салымыңыздары кошо бериңиздер.

Медицина факультетинин профессордук окутуучулар жамааты.

6960 11:16 24-11-2015

                 

Haber

|< >|