News

ОшМУ ӨКМдин Ош бөлүмү менен биргеликте өрт коопсуздугундагы тобокелчиликти жоюу боюнча машыгуу өткөрдү

Бул машыгуу университеттин №4 жатаканасында уюштурулуп, анда 280 студент эвакуацияланды жана адистер жараат алгандарга медициналык биринчи жардам көрсөтүүнү практика жүзүндө көрсөтүштү.

“Өрт коопсуздугундагы тобокелчиликти жоюу боюнча машыгууга 3 атайын өрт өчүрүү авто техникасы жана 2 куткаруу авто унаасы тартылды. Машыгуу учурунда студенттерге иш-чара туралуу тиешелүү маалыматтар берилди”,-деди ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргоону бөлүм башчысынын орун басары Нурбек Исмаилов.

Жалпысынан Ош МУда 21 окуу корпусу жана 8 жатакана бар. Алардын ар биринде өрткө каршы шаймандар сатылып алынып, коопсуздук эрежелери толугу менен сакталган. Аны менен катар өрт кырсыктарынын алдын алуу жана сактануу боюнча ар ай сайын түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турарын Ош МУнун жарандык коргоо штабынын жетекчиси Чыңгыз Мамажакып уулу маалымдады.

2542 12:29 23-09-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|