Мамлекеттик тил майрамына карата “Нур” гезитинин жамааты быйтыкчаларды таратты
11:40
23-сентябрь Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил күнүнү белгиленет. Майрамды утурлай 21-сентябрь күнү ОшМУнун Тарбия департаменти, “Нур” гезити башкы имаратта окутуучуларга, студенттерге кыргыз тили жөнүндө учкул сөздөр, ырлар жазылган быйтыкчаларды (смайликтерди) таратышты. Быйтыкча алган ар бир окутуучу-кызматкерлерде, студенттерде мамлекеттик тилге болгон сыймыктануу сезими пайда болуп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарды айтышты.
3310 11:40 23-09-2018