News

Искусство факультетинде музыка, үн жазуучу жана аранжировкалоочу студия акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен жабдылган

Ош мамлекеттик университети бардык факультеттерде окуу-өндүрүштүк база түзүүнү колго алды. Искусство факультетинин жаңы имаратында музыка бөлүмүнүн студенттери үчүн музыка, үн жазуучу жана аранжировкалоочу студиясы иштеп жатат.

Музыка жана үн жазуу студиясы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган. Мында мукам үндүү, таланттуу студенттер чыгармаларына үн, музыкаларды сапаттуу жаздырууга толук шарттар бар.

Студиянын жетекчиси Майрамбек Ахмедов аталган студия эң акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыздалгандыгын, учурда Искусство факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, белгилүү ырчылар Замир мырза, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева, Кыздаркан Келдибекова, Айпери Кулбаева, Кутман Султанов, Элбарчын Калилова сыяктуу бир топ чыгармачыл инсандардын чыгармаларына ушул студиядан аранжировкалар жасаларын айтты. Ал эми аранжировкага кызыккан студенттерге кеп-кеңештерин айтып, үйрөтүп жаткандыгын, учурда Майрамбек Шарипов аттуу шакирт студенти да университетте өзүнчө студия ачкандыгын белгиледи.

Биз студияга баш баккан учурда музыка бөлүмүнүн 4-курсунун Мирзаев Батыр атуу студенти алгачкы өзүнүн “Жаздагы сүйүү” аттуу ырын жаздырууга даярдык көрүп жатыптыр.

Кошумчалай кетсек, музыка бөлүмүндө окуп жаткан таланттуу студенттердин, түрдүү конкурс, фестивалдарга катышкан окутуучу, студенттердин үндөрү, музыкалары да ушул студиядан жазылат.

2235 09:23 21-09-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|