News

«Ыр көпүрө» кечеси поэзия күйөрмандарын ыр дүйнөсүнө жетеледи

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 10-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин чон залында акындар Зинакан Пасанова, Улукбек Омокеев, Бекмурат Келдибаев жана Мелис Маматжанов «Ыр көпүрө» деген аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече бир нече бщлъктщн туруп, анда эне, сүйүү, мекен темасындагы ырлар көркөм окулду. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева сөз сүйлөп, акындардын ар бир сабы көз алдына элестеп, жан дүйнөсүнөн өткөндүгүн, кече аябай жаккандагын айтты. Сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ар бир акындын өзгөчөлүүлүгүнө токтолуп, ар бир акында адамдын жан дүйнөсүн козгогон өзгөчө саптар, башкаларга окшобогон өзгөчө салыштыруулар кездешерине токтолду. Ошондой эле бүгүн жаштар арасында жан дүйнөсү аруулука ширелген, коомду позитивге үндөп, ыйман деградациясына туруштук бере ала турган, күрөшө турган жоон топ акын жаштардын өсүп келе жаткандыгын белгиледи жана акындардын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалады. «Ыр көпүрө» поэзия кечесин белгилүү акын Мирлан Самыйкожо кызыктуу алып барса, Венера Назаралиева, Түмөнбай Колдошов, Эламан Жалаловдор акындардын ырларына жазылган обондуу ырларын аткарышты.
2124 11:28 13-09-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|