News

Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү коомго ак дилден кызмат кылууга ант беришти

Ош мамлекеттик университетин 2017-2018-окуу жылында 6117 студент аяктап жатышса, анын ичинен 648 студент университеттин Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү.

Республикабыздагы дарыгерлердин катарын толуктап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулган салтанттуу аземинде дарыгерлик кесипке ээ болгон бүтүрүүчүлөр калың журтка ак дилден, кесипкөйлүк менен кызмат кылууга ант беришти. Быйылкы окуу жылында Медицина факультетинин дарылоо иши адистигин 391 студент, педиатрия адистигин 44, стоматология адистигин 163, фармация адистигин 31, медициналык профилактика иши адистигин 19 студент аякташса, 8 бүтүрүүчү артыкчылык дипломуна ээ болду.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасында окуунун мыктылары, мыкты спортчулар, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан студенттер да арбын. Белгилей кетсек, өзгөчө мыктылардын ичинде ОшМУнун “Атуулдук стипендиясынын” ээси Максатбек Гульжигитов, республиканын ЖОЖдор арасындагы универсиадасынын шахмат боюнча жеңүүчүсү Эргешали кызы Эльнура, баскетбол боюнча Эльнура Алымкулова, сууда сүзүү боюнча Бакай Султанов сыяктуу спортун мыктылары да бар.

Ал эми билимдерин башка чет өлкөлүк окуу жайлардын билим берүүсү менен жуурулуштуруп, Германия, Туркиядан тышкы академиялык мобилдүүлүктөн жана практикадан өтүп келген студенттер Кочкоров Медетбек, Жеңишбек кызы Жылдыз, Абдылдаев Майрамбек, Жороева Мээримгүл, Султанова Тынара быйылкы жылы окууну ийгиликтүү аяктап жатышат.

Университеттин жамааты бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, келечекте коомго ак дилден кызмат кылган, кесипкөй, мыкты дарыгердердин катарын толуктагыла деген тилегин билдирет.

3582 09:55 30-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|