News

“Ош декларациясынын” III отурумунда ОшМУ “Ош декларациясы. 3 жылдын үзүрү” китебин тартуулады

2016-жылы Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөн “Ош декларациясынын” III отуруму жана “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” деп аталган достук фестивалы 23-24-июнь күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү.

Өлкөнүн жети дубанынын жогорку окуу жайларынын ички өнөктөштүк байланыштарын жакшыртып, алардын достук көпүрөсү болуу менен билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоодо өзүнүн үзүрлүү салымын кошууга багытталган фестивалга Билим берүү жана илим министрлигинен, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр жана декларацияга кирген Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош мамлекеттик университеттеринин жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректорлору, окутуучулары, таланттуу студенттери катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков декларациянын алкагында жаштар билим берүү мейкиндигинде камыр-жумур аралашып жаткандыгын, барып келген университеттерден мыкты тажрыйбаларды алып, аларды өз окуу жайларында жайылтуусу жакшы саамалык болгондуктан аны колдоо керектигин белгилеп, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Фестивалдын жүрүшүндө “Ош декларациясын” түзүүдө демилгечи болуп, учурда анын өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошуп келе жаткан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков “Ош декларациясы. 3 жылдын үзүрү” деген темада презентация жасады. Презентацияда Кыргызстандын ЖОЖдорунун башын бириктирген декларациянын түзүлүү максаты, 3 жылдын аралыгында аткарылган жемиштүү иш-аракеттер, окутуучулар, студенттер ортосунда жүргүзүлгөн академиялык мобилдүүлүк, алдыдагы пландар боюнча маалымат берди. Ошондой эле 3 жыл аралыгында университеттер ортосунда 110 студент, 15 окутуучу мобилдүүлүктөн өткөндүгүн белгиледи. Фестивалдын жалпы катышуучуларына ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан даярдалган “Ош декларациясы. 3 жылдын үзүрү” китебин тапшырды.

Белгилей кетсек, IV Достук фестивалы 2019-жылы Талас мамлекеттик университетинде улантылат.

2918 01:05 26-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|