News

«Акыркы конгуроо-2018» аземинде 409 бүтүрүүчү артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарга ээ болду

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында 19-май күнү кечинде алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү даңазалоо жана аларга университеттен урмат-сый көрсөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн ОшМУга болгон жылуу сезимдерин, эсте каларлык көз ирмемдерин, студенттик курактын акыркы романтикалуу кечесин өткөрүү максатында уюштурулган «Акыркы конгуроо-2018» аземи болуп өттү. Аземде бүтүрүүчүлөр, ректораттын курамы, декандар академиялык кийим кийишти.

Салтанаттуу кеченин ачылышында КРнын Гимни, ОшМУнун Гимни ырдалып, мекенге, университетке болгон сүйүү, урматтоо, сыймыктануу сезимдери менен башталды.

" Баарыбыздын сыймыгыбыз, туу туткан касиеттүү билим бешигибиз Ош мамлекеттик университетин жарык жүз, бийик ишеним менен аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү бүгүнкү бүтүрүү кечеси менен ак дилден куттуктаймын.

Ал эми беш жыл бою бапестеп билим берген, элибизге, журтубузга өз продукциясын, интеллектуалдык, професионалдык түшүмүн сунуп жаткан устат агай-эжекелердин да эмгегинин акыбети кайтуусун каалап, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн узатуу кечеси менен куттуктагым келип турат.

Окутуучунун ооматы-окуткан студенттеринин жакшы билим алышы, мыкты адам болуусу. Университетте билим алуу менен бирге, мыкты адис, жакшы адам, чыныгы инсан болууга умтулган студент достор!

Бүгүн Силер окууну аяктап жатып, өткөргөн кызыктуу да, мазмундуу да, романтикалуу да күндөрдү артка калтырып бара жатасыңар! Журтубуз Силердин ар бириңерге чоң үмүттөрдү артып жатат.

Биз баарыбыз биргелешип, ынтымакта эгемендүү, келечектүү, бакубат Кыргызстаныбызды өркүндөтүшүбүз керек.

Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салымыбызды ар бирибиз кошушубуз зарыл!”, -деген куттуктоо-кайрылуу сөзүн ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жолдоду. Ошондой эле университетти артыкчылык диплому менен аяктап жаткан 409 бүтүрүүчүгө артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу вальсы бийленип, студенттик күндөр жөнүндө ырлар жаңырды.

Ошондой эле салтанатта мыкты бүтүрүүчүлөр, Президенттик стипендиаттар Дүйнөлүк тиллдер жана маданият факультетинин бүтүрүүчүсү Насыйкат Султаналиева жана Физика-техника факультетинин бүтүрүүчүсү Дастан Алымырзаевдер каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, ОшМУнун жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту.

Кеченин экинчи бөлүгүндө бардык факультеттердин, колледждин бүтүрүүчүлөрү үчүн бий кечеси улантылып, оюн-зооктор менен коштолду.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында ОшМУну 6117 студент аяктап жатышат.

4150 15:57 21-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|