News

ОшМУда Фергана өрөөнүндөгү университеттердин ассоциациясын түзүү маселеси каралды

Кыргызстан жана Өзбекстан мамилелери мамлекеттик жана өкмөттүк деңгээлде жакшыргандыгына байланыштуу. Бул региондогу университеттер ортосундагы мамилелери бекемделип билим берүү, илим, маданият тармактары боюнча достук байланыштары күчөп жатат.

Ош мамлекеттик университети Андижан, Наманган, Фергана университеттери менен биргелешкен конференцияларды өткөрүп, илимий долбоорлорго катышып, студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү күчөп жатат.

Жакында 2-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен Андижан мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик медициналык институту, Андижан машина куруу институту, Андижан айыл чарба институту жана Фергана, Наманган университетеринин жетекчилери катышкан төгөрөк стол болуп өттү.

Төгөрөк столдо Фергана өрөөнүндөгү университеттердин ассоциациясын түзүү маселеси каралды жана бардык окуу жайлардын жетекчилери бул демилгени колдошту.

Дүйнөдөгү эң эл жыш жайгашкан өрөөндүн стабилдүүлүгүн, өсүп-өнүгүүсүн, достук мамилелерди өркүндөтүп, билим берүү тажрыйбаларын алмашуу үчүн университеттердин биримдигинин ролу өзгөчө боло тургандыгын белгилешти жана бул келечектүү долбоор экендигин айтып, бир добуштан колдоого алышты.

3242 10:54 19-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|