News

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков бүгүн, 31-май күнү университеттеги көп жылдык үзүрлүү эмгектери, ийгиликтери, билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн бир нече окутуучуларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен университеттин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүү методикасы жана теориясы кафедрасынын башчысы, доцент Кадырберди Байгазиев, Орус филологиясы факультетинин доценти Жылдыз Тойчуева, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, доцент Нурмамат Турганбаевдер сыйланышса, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин доценти Замира Калмаматова, Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тараптан директору Лю Вэйчиан жана Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, PhD доктарант Токтосун Айтикеевдер сыйланышты.

3934 16:00 31-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|