News

ОшМУнун студенти, жаш акын Маматали кызы Бүкалчанын чыгармачылык кечеси тартууланды

17-май күнү ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун мүчөсү Маматали кызы Бүкалчанын “Оттуу ирмемдер” атуу ыр жыйнагынын ачылуу аземи болуп өттү.

Кечеде “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун таланттуу студенттери тарабынан Бүкалчанын ырларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, сахналык көрүнүштөр, обондуу ырлар көрүүчүлөргө тартууланды.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков “Бүкалча позитивдүү акын катары башкаларга окшобогон ички туюмун кыргыздын нукура көөнө сөздөрү менен окурманга эркин жеткирип бере алган өсүп келе жаткан жаш акын кыздарыбыздын бири экендигин бүгүнкү кечеден көрсөтө алды. Мындан ары да чыгармачылыгың артып, ыр куржунуң ырга толсун, чыгармачылык жолуң дайым ачык болсун”, - деп университеттин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Мындан сырткары кечеге жазуучулар союзунун Ош шаарындагы төрагасы, акын Турабай Жороев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын Манап Алиев, Ноокат районун Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Асанов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Турганбаевдер жаш акынга ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, Бүкалча апрель айында Р. Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган "Жаштык ыры" аттуу студенттик поэзия кечесине ОшМУнун атынан катышып келген.

2907 04:41 18-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|