News

ОшМУнун дагы бир таланттуу студенти алгачкы тушоо кесүү концертин берди

Ош мамлекеттик университетинде 14-май күнү Орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти, университеттин “Алтын үн” номинациясынын ээси Жумабек уулу Элчибектин “Жыйырманчы жаз” аттуу алгачкы тушоо кесүү концерти болуп өттү. Кечеге университеттин окутуучулук курамы, студенттер, Жумабек уулу Элчибектин жакындары, ыр күйөрмандары катышышты.

Аталган кечеге катышкан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттин таланттуу ырчы студенти Элчибекти чыгармачылык кечеси менен куттуктады, ошондой эле университет тарабынан дайыма изденген билимдүү, таланттуу, аракетчил жаштарга колдоо көрсөтүлүп, таланттарынын тапталышына салым көрсөтүлүп келерин айтты.

Кечеде Жумабек уулу Элчибек “Таланттар академиясынын”, “Жигер” чыгармачылык борборунун чыгармачыл жаштарынын коштоосунда көңүл толкуткан обондуу ырларды ийинине жеткире аткарып, көпчүлүктүн ак батасын алды.

2478 20:59 15-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|