News

Чыгыш таануунун жана африканистиканын актуалдуу маселелери талкууланды

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын демилгеси менен “Чыгыш таануунун жана африканистиканын актуалдуу маселелери" деген аталышта l Эл аралык илимий-практикалык конференция 20-апрель күнү болуп өттү.

Конференцияга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпы 96 илимий баяндамалары менен окумуштуулар катышышты.

Конференцияга алыскы жакынкы чыгыш аймагындагы Ливан өлкөсүндөгү Сент Джозеф университетинин илимий кызматкери Аммар Юнас баштаган чет өлкөлүк окумуштуулар келишип, учурдагы чыгыш таануу жана африканистиканын актуалдуу маселелеринин алкагында пикир алмашышты. Конференциянын жыйынтыгында чыгыш таануу жана африканистика багытынын келечеги кен, учур талабына жооп бере турган, коомчулук тарабынан суроо-талаптын бар экендигин белгилешип, жыйынтыгында 4 пункттан турган атайын резолюция кабыл алынды.

2579 14:26 23-04-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|