Тегерек столго Ош облустук администрациясынан, эл аралык уюмдардан, Ош шарындагы ЖОЖдордон, бизнес чөйрөлөрдөн жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө аймак таануу кафедрасынын башчысы доцент С. Ибраимова аталган багыт боюнча магистрдик программанын максаттарын, күтүлүүчү натыйжаларын жана окуу планын презентациялады. Ал эми стейкхолдерлер өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлери менен бөлүшүштү. Иш чарада академиялык мобилдүүлүк программалыры боюнча чет өлкөлүк окуу жайларга барып окуп келген жана азыр окуп жаткан магистранттар жөнүндө дагы программа жетекчиси кеңири презентация жасады.